www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын Энергетика министри Сухейл Аль-Мазруи жана “Masdar” компаниясынын аткаруучу директору Мохаммед Жамил Аль-Рамахи менен Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргыз Республикасындагы энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулап, кыргыз-эмират кызматташтыгын бекемдөө боюнча чараларды көрүүнү макулдашышты.

МинКаб Төрагасы “жашыл” энергетиканы өнүктүрүү Кыргызстандын мамлекеттик энергетикалык саясатынын негизги приоритети экенин белгилеп, Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

“Masdar” компаниясынын аткаруучу директору Мохаммед Жамиль Аль-Рамахи, “Masdar” компаниясы Кыргызстанды аймактагы келечектүү өнөктөш катары карайт жана мындан ары кызматташууну бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен “Masdar” компаниясынын ортосунда алкактык макулдашууга кол коюу аземи болду.

Последние новости