www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финляндиянын Орусия менен чектешкен сызыгы өтө узун болгондуктан НАТО үчүн стратегиялык жактан бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Бул тууралуу Скоукрофт стратегия жана коопсуздук борборунун улук кызматкери Эмма Эшфорддун Bloomberg басылмасындагы маегине шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Орусияга зыян келтирүү үчүн АКШ менен НАТОнун лидерлери эч ылгабай эле жаңы мамлекеттерди өзүнө тарткысы келип жатат. Швеция Балтика деңизине болгон көзөмөлдүн күчөшүнөн улам НАТОго пайдалуу болушу мүмкүн. Ал эми Финляндиянын Орусия менен чек ара сызыгы 1,3 миң чакырымдан ашык. Бул нерсе альянс үчүн бир топ түйшүк жаратары турган иш", — деди адис.

Анын айтымында, Стокгольм менен Хельсинкинин арызын канааттандыруудан мурда саясатчылар мындай кадам альянсты бекемдээр-бекемдебесин карап чыгышы зарыл.

Финляндия менен Швеция Орвсиянын Украинадагы атайын операциясынын фонунда узак мөөнөттүү бейтараптыктан баш тартып, НАТОго кирүү арызын жазышкан. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг уюм Скандинавия мамлекеттерин өз катарынан көрүүгө куштар экенин, аларга тез арада интеграциялашууга мүмкүнчүлүк берерин айткан. Анткен менен НАТОго мүчө-мамлекеттердин арасында эле буга каршы чыккан тараптар бар.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости