www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинага жардам берип жаткан Батыш өлкөлөрү үч айдан кийин Киевди колдоого кызыгуусун жоготуп коюшу мүмкүн. Бул тууралуу The Telegraph гезитинин баяндамачысы Ричард Кемп өз макаласында жазды.

Автордун айтымында, учурда Европа өлкөлөрү пайдасынан зыяны көп мындай "достуктун" күнгөй-тескейин таразалап жаткан кез.

"Газ экспортунун кыскарышы, баанын көтөрүлүшү карапайым элдин нааразычылыгын жаратты. Андыктан бийликти Украинага карата ыксыз милдеттенмелер менен Орусияга каршы катаал санкцияларды кайра карап чыгууга мажбурлоо болушу мүмкүн", — деп эсептейт ал.

Автордун айтымында, эгер кышында атайын операция "туруп калса", Владимир Зеленский өз өнөктөштөрү тарабынан кысымга кабылышы ыктымал экени дагы айтылды.

Басылманын маалыматына ылайык, европалык басылмалар азыр Украина маселесине караганда ички саясий жана экономикалык көйгөйлөргө көп көңүл бура баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости