www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылы январда британиялыктар электр жарыгы үчүн жылына 3 миң фунт стерлингден ашык (293 миң сом) каражат төлөп калышы мүмкүн, бул миллиондогон кишини жакырчылыкка кептейт. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы Cornwall Insight консалтинг компаниясынын эсептөөлөрүнө таянып жазды.

Cornwall Insight божомолуна ылайык, газга жана электр энергиясына болгон 1 971 фунт стерлингдин наркы октябрь айында 3 245 фунтка чейин көтөрүлөт. Ал эми 2023-жылдын январында 3 364 фунтка чейин жетет.

Консалтингдик компания баалардын мынчалык тез өсүшү миллиондогон адамдарды жакырчылыкка кептеши мүмкүн экенин, үй-бүлөлөр мамлекеттик жардамга мурдагыга караганда көбүрөөк муктаж боло турганын божомолдогон.

Ошол эле маалда The Daily Mail басылмасы британиялыктар азык-түлүк жана күйүүчү майдын кымбатташы менен азыртадан эле күрөшүп жатканын, инфляция болжолдоолор боюнча декабрда 11 пайызга чейин көтөрүлө турганын белгилеген.

Последние новости