www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Селчук Байрактар Түркиянын президенттигине ат салышышы мүмкүн, бирок бардыгы жагдайга жараша болушу мүмкүн экендигин Амертканын The Wall Street Journal басылмасы жазды.

Макаланын авторлору мындай пикирге Байрактардын 2023-жылы берген маегин карап чыгуу менен келишкен.

"Ооба деп айтышым мүмкүн, бирок баары жагдайга жараша болот", — деген Байрактар Эрдоган андан келечектеги шайлоого катышууну суранышы мүмкүндүгү боюнча суроого жооп берип жатып.

Селчук Байрактар дрон өндүргөн "Байкар" компаниясынын техникалык директору жана түрк лидеринин (кичүү кызы Сүмеяга үйлөнгөн) күйөө баласы.

Буга чейин Cumhuriyet гезити Түркияда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу парламентке 2027-жылы түшүшү мүмкүндүгүн айтып, бирок ал үчүн башкаруучу коалиция оппозиция менен сүйлөшүүгө туура келерин билдирген. Президент Эрдоган 31-марттагы муниципалдык шайлоону саясий карьерасындагы акыркы шайлоо болушу мүмкүндүгүн айткан. Ал Стамбул, Анкара жана Измир мэрлерин шайлоодо жарандарды башкаруучу партиянын өкүлдөрүнө добуш берүүгө чакырып, 1-апрелден тарта "жаңы доор" башталарын билдирген. Кийинчерээк бийликтеги адилеттик жана өнүгүү партиясынын расмий өкүлү Өмер Челик Эрдогандын "акыркы шайлоо" тууралуу билдирүүсү анын саясаттан кетишин билдирбей турганын белгилеген. Өз кезегинде юстиция министри Йылмаз Тунч парламенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоо чечими чыкса Эрдоган үчүнчү мөөнөткө барышы мүмкүн экенин айткан.

Эскерте кетсек, 26-февралда түрк лидери 70 жашка толду. 2014-жылдын августунан бери президенттик кызматты аркалап келет. Былтыр эки тур менен өткөн шайлоодо жеңишке жетишип, дагы беш жыл өлкөнү башкаруу укугуна ээ болгон.

Последние новости