www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куткаруучулар Кытайдын түштүгүндө кыйраган Boeing-737 учагынын аман калгандарын жана жүргүнчүлөрү менен экипаж мүчөлөрүнүн сөөгүн таба электигин Кытайдын борбордук телевидениеси куткаруучуларга таянып билдирди.

"Бүгүнкү күндө куткаруучулардын айтымында, кырсык болгон жерден кыйраган учактын сыныктары табылды, бирок дайынсыз жоголгондор табыла элек", - деп билдирди телеканал.

Издөө-куткаруу иштери уланууда. Тоолуу рельеф издөө иштерине чоң кыйынчылыктарды жаратып жатканы айтылат.

Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү Кытайдын Гуанси-Чжуан автономиялуу районуна караштуу Учжоу шаарынын Тэн округуна China Eastern Airlines компаниясына таандык Boeing-737 жүргүнчү учагы кулап, токой өрттөндү. Жарандык авиация башкармалыгы бортунда 132 киши, анын ичинде 123 жүргүнчү жана тогуз экипаж мүчөсү болгон China Eastern Airlines компаниясына таандык Boeing-737 учагы кыйраганын тастыктады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости