www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдө орус экономикасы бир топ "салаң" деген пикирлер бар. Бирок Москванын жетишкендиктерин башка өңүттөн кароо зарыл, дейт журналист Ван Вэнь The Global Times гезитине жазган макаласында.
Вэнь Орусиянын ийгиликтерин ачып, СССР тарагандан кийин жеринин көлөмү боюнча Канада, Кытай жана Америка Кошмо Штаттарынын аймагынан дээрлик эки эсе чоң экенин белгиледи. Американын экономикасы орус экономикасынан алдыда, бирок Москва тайманбастык менен Вашингтонго жана Батыштын бүткүл системасына каршы турууда.
Макаланын автору Орусия 19-кылымдан кийин дүйнөгө таасирин тийгизген искусство, музыка, адабият, саясат, математика, химия, философия, биология, механика жана космостук изилдөөлөр тармагында эбегейсиз сандагы устаттарды бергенин кошумчалады.
Акыркы 800 жылдын ичинде орустар дээрлик бардык державалар менен, анын ичинде монголдор, Византия, ошондой эле Наполеон, Австро-Венгрия, Британия жана Германия империялары, фашисттик Германия менен согушкан.
Акыркы 200 жылда Орусия эң күчтүү жана таасирдүү мамлекеттердин бири болгон, ошондуктан Вэнь ага жаңыча көз карашта болууга чакырды.
Булак: NazarNews.kg