www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Художник, Мухаммед пайгамбардын карикатурасынын автору Ларс Вилкс жана аны кайтарып жүргөн полициянын эки кызматкери Швецияда автокырсыктан каза тапты. Бул туурасында РИА Новости «Франс-Пресс2 агенттигине шилтеме кылып берди.
Маалыматка ылайык, кырсык жекшемби күнү Маркарид шаарынан анча алыс эмес жерде, Е4 трассасында болгон. Сүрөтчү түшүп келе жаткан автоунаа жүк ташуучу автокөлүк менен кагышып, экөө тең өрттөнүп кеткен. Жергиликтүү полиция кызматкери өлүм бирөөлөр тарабынан атайылап уюуштурулбагандыгын, ал кадимки кырсык экендигин билдирген.
«Эгерде анын өмүрүнө кол салуу болсо, иликтөө иштери башкача жүрмөк. Бул жерде полиция кызматкерлери да каза болуп жаткандыктан, ишти аягына чейин тыкыр карап чыгуу прокуратуранын өзгөчө бөлүмүнө тапшырылды», — деп маектеш агенттикке айтып берген.
Белгилей кетсек, Ларс Вилкс туурасында швед ЖМКлары Мухаммед пайгамбардын карикатурасын 2007-жылдын жай айларынын соңунда Nerikes Allehanda гезитине бергенден кийин жаза баштаган. Карикатура жарыяланып, коркутуулар түшкөндөн тарта полиция сүрөтчүнүн коопсуздугу үчүн аны кайтарууга алган эле.
Эске салсак, Ларс Вилкстин айланасындагы ызы-чуу 2005-жылы даниялык Jyllands-Posten басылмасына Мухаммед пайгамбардын карикатурасы чыккан окуянын уландысы болгон. Эки учур тең мусулман дүйнөсүнүн нааразычылыгын жана толкундоолорун жараткан.
Булак: NazarNews.kg