www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын интенсивдүү газынан ажыраган Европаны быйыл Норвегия ого бетер алсыратат. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды.

Макаланын автору белгилегендей, Норвегия мунай жана газ кендери бар бай өлкө. Көптөгөн дарыялар жана суу сактагычтарынын жардамы менен өлкө өзүн электр энергиясы менен 90 пайызга чейин камсыз кылат. Андан тышкары, коңшуларга экспорттойт.

"Бирок быйыл болуп көрбөгөндөй кургакчылык өкүм сүрүп, суунун деңгээли абдан төмөндөдү. Андыктан өзү энергетикалык кризиске кептелди. Мындай жагдай эми ири көлөмдө электр энергиясын импорттогон Германия, Нидерланд жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөр үчүн көйгөй жаратышы мүмкүн", — деп жазылат кабарда.

Басылма жазгандай, континент мамлекеттери күйүүчү майдын олуттуу тартыштыгы алдында турат. Анткени Россиянын негизги газ кууру болуп эсептелген "Түндүк агым" жалпы кубаттуулугунун 20 пайызын гана иштетип жатат. Буга антироссиялык санкциялардан улам Батышка оңдотуу үчүн жиберилген агрегаттардын келбей жатканы себеп болууда.

Бирок ага чейин эле Европа Орусиянын энергетика булактарынан баш тартууну чечкен. Эмбарго деңиз аркылуу ташып келүүлөргө жана түтүктөргө салынган. РФтен нефть импорттоого салынган тыюу декабрдын башына чейин, ал эми мунай заттарына 2023-жылдын февралына чейин киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости