www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын лидери Владимир Путиндин ийгиликтүү саясаты Европага Батыш эртеби-кечпи, баары бир антиорусиялык санкцияларды жумшарта тургандыгын көрсөттү. Бул туурасында РИА Новости Politico басылмасына шилтеме берип жазды.

"Жакындап келе жаткан бороон европалык жетекчилерди ачуу чындыкка кептеди: Орусия менен Украина кармашып жатканда Кремль Европа менен каршылашкан позициясынан тайбайт", — деп айтылган макалада.

Анын автору Мэтью Карничнигдин айтымында, Еврокомиссиядагы жогорку даражалуу чиновниктердин бири ыймандай сыры менен бөлүшүп, "бул жаатта Путиндин жеңишке жетишеринен эч кандай шек жоктугун" билдирген.

Евробиримдиктеги нааразылык акциялардын өсүп баратышы европалык лидерлерди антироссиялык санкцияларды жумшартуу боюнча кескин талаптарга алып келип такай турганын кошумчалаган.

"Аба ырайын эске албаганда деле убакыт Москва тараптын кызыкчылыгына ойнойт. Кыш жакындап, суук күндөр бир нече айдан кийин боло тургандыгын эске алсак, европалыктар жаратылыш газына болгон баанын кандай өскөнүн жон териси менен сезет", — деген журналист.

Баяндамачынын айтымында, YouGov жүргүзгөн сурамжылоо аймактагы ири өлкөлөрдүн (Германия, Франция, Улуу Британия жана Польша) жашоочуларын Украинадагы чатакка караганда жашоонун баасы кызыктырарын көрсөткөн.

"Францияда элдин 40 пайызы "сары күрмөчөндөрдүн", тагыраагы, 2018-жылы апта сайын болгон нааразылык акциялардын кайтып келишин колдой турганын билдиришкен. Уюштуруучулар ал кезде муну "экономикалык адилеттүүлүк" деп атап, буга жетүү максатын коюшкан", — деп жыйынтыктаган ал материалын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости