www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рубль кунунун еврого карата бекемделиши батыш банктары үчүн көйгөйгө айланып жатканын Bloomberg жазды.
Басылма Россиядан чыгып кеткен чет элдик компаниялар ири чыгымга дуушар болуп жатканын белгилеген.
Австриянын Raiffeisen Bank банкынын аткаруучу директору Иоганн Штробль рублдин күчтөнүшү менен кирешеси көбөйүп жатканын, бирок Россиядагы бизнесин жыйыштырып койгондор үчүн бутунда бекем турган РФ валютасы бир топ "баш оору" болуп жатканын айтып берген.
Bloomberg франциялык Societe Generale SA банкын да мисал келтирди. Атайын операция башталары менен өлкөдөн чыгып кеткен бул банктын экинчи кварталдын жыйынтыгы менен салыкка чейинки эле жоготуусу 3,3 миллиард долларды түзгөн.
Буга чейин Британиянын Economist журналы киргизилген катаал санкцияларга карабай россиялык экономика өз ыргагы менен бара жатканын жазган болчу. Ал эми Евробиримдиктин дипломатия жетекчиси Жозеп Боррель өз кезегинде россиялык рубль санкцияларга жакшы туруштук берип жатканын моюндаган.
Эскерте кетсек, Донбассты украиналык улутчулдардан коргоо боюнча атайын операция башталган соң АКШ, Евробиримдик жана Улуу Британия Москвага каршы санкция киргизген. Бир катар өлкөлөр россиялык активдердин тоңдурулганын билдирип, энергоресурстардан баш тартуу тууралуу пикирлер жаңыра баштаган. Мындай кадам Батышка катуу сокку уруп, отун каатчылыгы менен азык-түлүктүн кымбатташын шарттаган.
Ал эми Россия президенти Владимир Путин өлкөнү ооздуктоо жана алсыздандыруу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин белгилеп, санкциялар дүйнөлүк экономиканы оор кырдаалга кептегенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg