www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы согуштук аракеттерге аскердик даярдыктан өткөн америкалыктар катышып жатат, алар жалданма жоокер катары жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Politico басылмасы жазып чыкты.

Буга чейин РФтин Коргоо министрлиги эл аралык гуманитардык укуктарга ылайык чет элдик жалданма аскерлерде комбатант (каршылашып жаткан тараптардын куралдуу күчтөрүнүн курамына кирүүчү — ред.) макамы жок экенин билдирди. Россия ал адамдар славяндарды өлтүрүүгө катышуу менен өзүнө иштеп калуу үчүн Украинага келишкенин бир нече ирет айткан.

Politico басылмасынын маалыматы боюнча, Чикаго полициясынын офицери Харрисон Йозефович кызматын тапшырып Украинага кеткен. Бул Россиянын атайын операциясын баштагандан кийинки учурга дал келет. Эми ал 190 ыктыярчыдан турган Task Force Yankee деп аталган отрядды жетектеп жүрөт. Йозефович өзү согуштук аракеттерге мурда куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн жарандар катышып жатканын билдирди.

Макаланын автору "согуштук аракеттерге тартылган америкалыктардын саны белгисиз, анын ичинен көпчүлүгүнүн аскердик тажрыйбасы бар" деп жазган.

Мындай тажрыйбасы жок АКШ жарандары киевдик бийликти колдоп, жабдууларды, гуманитардык жана финансылык жардамдарды жөнөтүү менен алектенет.

Буга чейин Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки америкалыктарды Украинага баруудан карманууга чакырган.

Последние новости