www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токионун Орусия көмүрүн сатып алууга салган тыюусу Жапониянын өзүнө эле залакасын тийгизет. Бул тууралуу жергиликтүү Asahi басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, өткөн жылы Орусия Жапонияга дээрлик 280 миллиард йенага көмүр саткан. Токио бул ресурстун 13 пайызын РФтен алат. Аны ташууга чектөө киргизүү менен Жапония коңшу өлкөгө чет элдик валютанын кириши азаят деп үмүт артууда. Бирок басылма мындай чара Жапониянын экономикасына катуу сокку урарын жазды.

"Көмүр энергетика тармагында гана эмес, темир өндүрүшүндө дагы колдонулат. Дүйнөлүк баа азыр эле асман чапчып кетти. Жеткирүүчү алмашса электр энергиясы кымбаттап, ишканалардын чыгымы артышы ыктымал. Өкмөт бул нерсе экономикага кандай таасир берерин аныктап, эффективдүү чараларды карап чыгышы керек", — деп айтылат макалада.

Кечээ күнү Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида өкмөт Орусиядан келген көмүрдүн импортун азайтып, акырындап толугу менен баш тартууну пландап жатканын билдирген. Мындан тышкары, расмий Токио эл аралык коомчулук менен кызматташуу аркылуу россиялык энергетикалык ресурстарга болгон көз карандылыкты кыскартуу ниетинде.

Орусия 24- февралда Украинада атайын операциясын баштаган соң Батыш мамлекеттери бир катар санкцияларды киргизген. Чектөө киргизген өлкөлөрдүн катарында Жапония да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости