www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖМК: Жакында Батыш Украинаны каржылоону токтотот

АКШ бийлиги толук кандуу аскердик бюджеттин ордуна бир жылга каржылоо резолюциясын кабыл алса Украинага жардам берүүсү кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, Politico басылмасына чыккан макалада бул резолюция Пентагонду каржылоону президент Джо Байдендин 2023-жылга карата сураган суммасына салыштырмалуу 29 миллиард долларга же 3,7 пайызга азайтат.

"Эгерде Конгресс убактылуу каржылоо жөнүндөгү чечимди кабыл алса, бул чечим Украинага аскердик жардам берүүнү жаз айларынан баштап токтотушу мүмкүн. Мындан тышкары, Абрамс танкынан тартып M777 гаубицасы (Украинага берилип жүргөн) кошулуп, негизги бир нече система үчүн өнөр жай базаларын модернизациялоо кечиктирилет", — деп жазылат маалыматта.

Жазда Конгресс Украинага аскердик жана экономикалык жардам берүү үчүн дээрлик 40 миллиард доллар бөлгөн. Ал эми октябрда Байден убактылуу каржылоо жөнүндөгү мыйзамга кол койгон, анда дагы 12,4 миллиард доллар Киев үчүн деп көрсөтүлгөн.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости