www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Жо Байден 20-январда мамлекет башчысы кызматына киришкенден кийин дароо бир катар жарлыктарга кол коюуну пландап жатат. Бул тууралуу “ТАСС” маалымат агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Жо Байдендин айтымында, ал учурдагы президент Дональд Трамп буга чейин көтөрүп чыккан айрым демилгелерди жокко чыгарууга ниеттенүүдө.
“The Washington Post” басылмасы билдиргендей, саясатчы Париж климаттык келишимине кайрадан кошулууга ниеттенүүдө. Ошондой эле АКШнын Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунан чыгуусун жокко чыгаруусу айтылууда.
Ал ошондой эле бир катар мусулман өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Американын аймагына кирүүгө тыюу салууну жокко чыгара алат.
Булак: NazarNews.kg