www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Сенатынын Юридикалык комитети жакын арада Дональд Трамптын айланасындагы кишилер менен Орусиянын ыктымал мамилеси жөнүндөгү ишти кайрадан карайт. Иликтөөнү Трамптын атаандаштары мыйзамды бузуу менен уюштурушу мүмкүнбү деген маселе талкууланат. Бул тууралуу комитеттин башчысы Линдси Грэмге таянып, Борбор Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Анын айтымында, комитет Юстиция министрлигинин жана бир катар аткаминерлердин Барак Обама президент болуп турган кездеги иш-аракеттерин текшерет. Өзгөчө Трамптын мурдагы кеңешчиси Картер Пейжди аңдуу жана дагы бир кеңешчиси Майкл Флинндин орус элчиси менен телефондук сүйлөшүүлөрүнүн ачыкка чыгышы жөнүндөгү маселелер күн тартибинде болот. Юридикалык комитет Роберт Мюллердин атайын прокурор болуп дайындалышынын мыйзамдуулугун да карайт.

Трамп башынан эле иликтөөнү демократ атаандаштары анын саясий беделин төмөндөтүү үчүн ойлоп тапканын билдирип келет.

Юстиция министрлиги генерал Флиннден айыптоолорду алып салганын жарыялагандан кийин Трамптын демократтарга, анын ичинде жеке Обамага болгон чабуулу күчөдү. Флинн башында жалган көрсөтмө бергенин мойнуна алып, кийинчерээк айыптоолорду четке каккан.

Трамп жана анын тарапташтары улуттук чалгындын мурдагы башчысы Жеймс Клэппер, башкы прокурор Эрик Холдер, ЦРУнун директору Жон Бреннан, атүгүл вице-президент Жо Байден менен Обама өзү Трамптын позициясын алсыратуу үчүн Орусиянын шайлоого кийлигишкени тууралуу иликтөөнү жармаштырган деп эсептөөдө. Трамп муну “Обамагейт” деп атап, 1970-жылы Ричард Никсонду президенттик тактан алып түшүүгө түрткү болгон "Уотергейт" иши менен теңеди.

Трамп “Твиттерине” Грем Обаманы Сенатка көрсөтмө берүүгө чакырышы керек экенин жазды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости