www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-майда, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын төрайымы Нургүл Бакированы кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тартип комиссиясынын учурдагы ишмердүүлүгү, өлкөдөгү судьялардын аракеттерине (аракетсиздигине) карата кайрылуулар, кабыл алынган чечимдер, ошондой эле комиссиянын ишин жакшыртуу боюнча белгиленген пландар жөнүндө маалымат берилди.

Комиссияга келген кайрылууларды кароонун жыйынтыгында 223 кайрылуу боюнча судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган, алардын ичинен 18 судьяга сөгүш жарыяланып, ал эми 155 судьяга алдын ала эскертүү, 42 судьяга эскертүү берилген.

Кынтыксыз болуу талаптарынын бузулушуна байланыштуу 8 судьяга карата мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө таза иштеген судьялар аз эмес экендигин, бирок ага карабастан айрым судьялар  кынтыксыз болуу талаптарын бузган фактылар болуп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы Тартип комиссиясынын судьялар корпусунун тазаланышында, жалпысынан сот системасына ишенимди бекемдөөдө өзгөчө ролуна токтолду.

Президент судьялардын аракеттерине карата түшүп жаткан жарандардын кайрылуулары боюнча талаптарды күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Тартип комиссиясынын ишиндеги бейтараптыкты жана анын ишмердүүлүгүн санариптештирүүнү камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын жана «Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө» мыйзамдын талаптарына ылайык, судьяларды жоопкерчиликке тартуу маселелери Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын кароосуна киргизилген.

2017-жылы түзүлгөн бул комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык түзүлгөн, көз карандысыз коллегиалдуу орган болуп саналат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости