www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркин Асрандиев бала бакчалар качан ачылаары тууралуу айтты

Депутат Сайдулла Нышанов июнь айынан тарта бала бакчалар ишке кириши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.

"Бала бакчаларды качан ачабыз? Мисалы көп кызматкерлер иштеп башташты. Алардын балдарына кыйын. Санитардык нормаларды текшерип, бала бакчанын кызматкерлерин текшертип, май айынын соңунда же июнда ачыш керек. Бала бакчага барган балдардын ой жүгүртүүсү башкача болуп, үйдөн кыйналып калат экен. Жумушта дагы кызматкерлер балдарын ойлоп, жыйынтык болбой калат. Европада бала бакчаларды ачып башташты", - дейт Сайдулла Нышанов.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев: "Бала бакча, негизи эле билим берүү мекемелеринин июндун башында ачууну пландаштырып жатканбыз. Бул маселе эпидемиялык абал туруктуу болсо каралат. Сунуш эске алынат", - деди.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости