www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 15-май Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерин эскерүү күнү болгондуктан, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери, ардагерлер кеңешинин төрагасы  менен өздүк курамы да жыл сайын 15-май күнү кызмат учурунда каза болгон кесиптештерибизди эскерип, алардын басып өткөн жолдорун эскерип, аларга атап куран окутуп келет. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен ОИИБнын жетекчилиги бул ирет өлкөнү пандемия каптагандыктан кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсүнө барып, алардын жашоосунан кабар алды. Алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө шириндиктерди тапшырып, акчалай колдоо көрсөттү.

Баткен облусунун аймагында жалпысынан кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин саны 18. Алардын экөөсү Баткен облустук ички иштер башкармалыгында кызмат өтөп жүргөн мезгилде кайтыш болушкан. Алар: милициянын ага лейтенанты Исмаилов Каныбек Пирматович 2005-жылы жол кырсыгынан 28жашында,  милициянын капитаны Кудайбердиев Абдибаит Кадырович 2006-жылы жол кырсыгынан 39 жашында каза болушкан.

Эскерүү күнү жер-жерлердеги район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө да улантылып, алардын жаркын элеси эскерилди. Бул ирет Кадамжай РИИБнин эскерүү кечесине жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы – аким Алгынбай Торалиев өзү катышып, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жакындары менен эстеликке гүлчамбарларды коюп, кызмат учурунда каза болгондорго арналып куран окутулду. 

Ал эми Баткен РИИБнин ардагерлери менен өздүк курамы 1999-жылы Баткен окуясында экстремисттик топтордун колунан каза болгон милициянын сержанты Шадыбеков Касымбек Арзыбековичтин жакындары менен биргеликте жолугушуу өткөрдү.

Лейлек жана Сүлүктү шаарларында болсо кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин элесине арналып 1минуталык эскерүү болду.

Бул саамалык жыл сайын белгиленип, жетекчилик тарабынан кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө ар дайым колдон келген жардамдар берилип, алардын жаркын элесине арнап спорттук иш-чаралар да уюштурулуп турат. "Алардын ар биринин өз тагдыры, кыргыз милициясына кошкон өз салымы бар, Алардын элеси ар дайым эсибизде калат" деп Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Мамасейитов өз сөзүндө эскерип кетти.

Булак: NazarNews.org

Последние новости