www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөдө жүргөн Жеңишбек Эдигеевдин “Көк дептери” кайрадан көркүнө чыгып, саясый кырдаалга көз кырын салып, учурдагы абалга учкай кеп таштаган.

--Бүгүнкү мезгил “брежневдик застойду” элестетип турат. Политбюро – курсагы ток, санаасы жок. Саясий аргасыздык: Бийликке жакшы киши жетишсиз, мыкты киши керек. Тер төгүп чыкчу кризистен кан төкмөйүн чыгалбаган мамлекет болбойлу! Мурдагысы түзүп кеткен, кийинкиге куп жарашып, майдай жаккан парламент. Арга – аянтта эмес же ага-туугандыкында эмес элдик Ак үйдө табылсын. Парламент – элдин каймагы келбей көк сүтү турат шылдырап…

“Эки жылда а тургай үмүт да жараткан жок!” деп кезинде күчтүү оппозиция президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин алты айласын кетирген эле. Ал эми азыркы ажого үч жылдан ашты: Же “Ай!” деп койгон алдуу оппозиция жок, же “Б” деп койгон бийлик жок, “саясий шал” заман болуп турат.

Шайлоо компаниясы бул – кыргызча устукан бөлүү компаниясы. Далай мыктылар баарына көз жумуп, кулакты жапырып устукан компаниясын күтүп жатат, кызыталак! Кыргызстанды “досунан” бир эле карыш өйдө көтөрүп кетсе айтылуу “достук икаясы” өзүн актап, унутулуп калат эле, тилекке каршы мезгилдин жарымы өттү закымдап…

Элдин кызыкчылыгы үчүн саясий көз караштар дал келбей калганы эч нерсе эмес, анткени эл кызыкчылыгы үчүн барчу жолдор толтура. Эң башкысы ниеттер дал келбей калган жаман. Бири элди ойлоп бири өзүн ойлоп…

Биз көкүрөктө кудайды унутуп эмес түгөтүп алдык…! Президент болгондор башка президенттикке чындап татыктуулар башка. Бири ажолук тоонун кырына чыкса бири ажолук тоонун этегинде жүрүп өткөндөй кеп…

Китеп – кайрадан китеп жазганды эле үйрөтпөй турмушту үйрөтсө дейм. Китеп - китеп жазганга эле дилгирлентпей жаңы идея, ойлорго, келечекке талпынтса дейм. Биз китептен чыкпай турмуштан чыксак дейм жуурулуп.

Барак Обама жана жубайы Мишель. Алар Жогорку Окуу Жайынан көздөгөндөй билим алып чыккан кезде экөөнүн карызы 120 000 доллар болгон экен. Кийин ошол билим Ак Үйдү башкарып, дүйнөгө таасирин тийгизгенге жардам берген. Демек, жакшы билимден каражат аябагыла!

Биз тарыхка барчу жолду кайра сала албайбыз, бирок эгер аянбай турган болсок карт тарыхты адабият жана өнөр аркылуу бет алдыбызга көтөрүп келсек болот. Мынакей мамлекеттик тапшырма, идеология.

Кээ бир нерселер миң жылда да өзгөрбөйт а кээ бири көз алдыңда өзгөрөт… Бирде ага капилет күбө болобуз, бирде ага катышабыз, өз колубуз менен!

Башка тилде сүйлөгөндөрдүн башкача жүрөгү болбойт. Баарыбыз дүйнөнү бирдей көрөбүз. “Кайсы тилде ойлоносуң?” деп сурашат көптөрдөн. Кайсы тилде ойлонгондун эч мааниси жок эгер сен Жакшыны ойлоп, Жакшыга оюң жетпесе.

Эгерде турмуштун бир эле сыноосу болсо кантет элек? Сыноолор көп экен. Жыгыласың турасың, жыгыласың турасың. А бирок жаш курактын андай көп сыноолору болбойт экен, чектелүү экен аябай. Өкүнсөң, кыйкырсаң, жер муштасаң келбеген…

Кезинде орус алпы Гоголь Пушкинден анекдот айтып берүүсүн суранган дешет. …Ошентип Пушкиндин айтуусунан улам Гоголдун айтылуу “Ревизорунун” идеясы жаралган экен. Ошол үчүн эзелтен сөзмөрлөрдү төргө өткөрүп, сөз уксак деп келишкен эмеспи…

Саясат өзгөрөт экен… Ал эми адамдардын “муздак согушу” бүтпөй келет…

Жеңишбек Эдигеев, Женева шаары

Булак: NazarNews.org

Последние новости