www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтү 2020-жылдын 15-майына карата берилген гуманитардык жардамдар тууралуу маалыматты жарыялады.

Бишкек шаары:

Бишкек шаары боюнча муктаж болгон 100 326 үй-бүлөгө жардам катары   863,7    тонна ун, 171,8  тонна макарон, 135 318 литр өсүмдүк майы, 196,7 тонна күрүч, 171,9 тонна кум шекер, башка азык-түлүк: 15123,1 кг чай, 105806 кг бурчак (горох), 12186 кг китлап, 448 кг эт,   33337 коютулган сүт, 8126 кг картошка, 372 даана бульон, 200 кг геркулес, 171 кг пияз, 485 даана жумуртка, 145 кг печенье, 80 кг конфет, 1447 кг туз берилди.        

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 096 326,53 сом түздү.

Мындан тышкары гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 202 даана аралыкта текшерген термометр, 113027 бет кап,  2925  респиратор, 1220 бет жапкыч,    40058   кол кап, 1270 литр антисептик,   1794  даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдар (көп жолу кийилүүчү),   5567  даана коргоо костюмдар (бир жолу кийилет).                  

Ош шаары: 

Ош шаары боюнча 59 445 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 364 тонна ун, 80 000 кг макарон, 61 300 л өсүмдүк майы, 68 300 кг күрүч, 67 100 кг кумшекер, 800 кг эт, 45 200 кг картошка берилди. 

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 8 472,2 миң сомду түздү.  

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 4,9 тонна хлор, 167 700 даана беткап, 2 700 л антисептик, 9 500 даана коргоо костюмдары, 32 500 даана кол каптар берилди.

Ош облусу:

Азыркы мезгилде аз камсыздыгы боюнча жөлөк пул алгандардын саны облус боюнча 28 127 үй-бүлө. 

Облус боюнча 102 017 муктаж үй-бүлөгө жардам катары жеке ишкерлерден 3 049 тонна 590 кг ун, (анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетттик резервдер фондунан 1325,05 тонна ун, Өзбек Республикасынан 380 тонна ун) 74 тонна 492 кг макарон, 145 т. 463 л өсүмдүк майы, 72 тонна 537 кг күрүч, 42 тонна 808 кг кумшекер, 8тонна 641 кг эт, 26 тонна 285 кг   картошка берилди. 

Анын ичинен жеке тараптардан 51 478 үй-бүлөгө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетттик резервдер фондунан 36727 үй-бүлөгө, жергиликтүү бюджеттен 1947 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди. 

Республикалык бюджеттен жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн районуна 8 млн 492 миң сом бөлүнүп, 10 615 үй-бүлөгө, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебинен Ноокат районуна 1 000 000 (бир миллион) сом бөлүнүп, 1250 үй-бүлөгө (ар бири 800 сомдук) азык-түлүк баштыгы жасалып, жалпысы 11 865 үй-бүлөгө таркатылды.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12 тонна 360 кг хлор, 235 898 даана беткап, 3 245 литр антисептик, 4586 даана коргоо костюм   380 080 даана кол каптар, 8 тепловизор, 1 концентратор, 15 дезинфекциялоочу аппарат берилди. 

Чүй облусу: 

Чүй облусу боюнча 70785 муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары азык-түлүк азыктарынан: 1190,193 тонна ун, 118971 кг макарон, 112118 литр өсүмдүк майы, 83169 кг күрүч, 319980 кг кумшекер, 4738 кг эт, 30876 кг картошка, пияз, сабиз мындан тышкары 6935 кг горох, 10105 даана чай таркатылды.

Финансылык жардамдардын жалпы суммасы 366 000 (үч жүз алтымыш алты миң) сомду түздү.

Дезинфекциялоо жана санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоо үчүн: 38275,0 кг хлор, 164030 даана беткап жана респираторлор, 4186 даана коргоо костюмдары, 71966 даана кол кап, 1166 даана атайын көз айнек, 8655,5 литр антисептиктер, 105 даана тепловизор/термометр жана 17263 даана башка медициналык каражаттар таратылды.

Жалал-Абад облусу:

Облус боюнча жардамга муктаж 91 450 үй-бүлөгө жардам катары 3159,295 тонна ун, 114 988 кг макарон, 147 293 литр өсүмдүк майы, 103873 кг күрүч, 43209 кг кумшекер, 4196,8 кг эт, 84533 кг картошка берилди. 

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы  25552 977 сомду түздү.  

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 39 тонна 267 кг хлор, 352021 даана беткап, 9612 литр антисептик, 5307 даана коргоо костюмдары, 52927 даана кол каптар, 1030 даана термометр берилди. 

Мындан сырткары, областын аймагында коронавирус  илдетинин кесепетинен жардамга муктаж 10 202 үй-бүлөгө   жергиликтүү бюджеттен  1 1031 185  сом акча каражаты сарпталды.

Ошондой эле, Сузак районундагы 600 аз камсыз болгон үй-бүлөгө «Катар» кайрымдуулук фонду тарабынан жалпы 15 тонна ун, 3,6 тонна өсүмдүк майы, 3,0 тонна макарон, 3 тонна 240 кг кум шекер, 1 тонна 80 кг гречка, 4 тонна 320 кг күрүч, 600 кг томат, 540 кг төө бурчак, 1200 даана чай берилген. Ала-Бука районунда Көк-Серек айыл аймагындагы 80 жаштан ашкан улгайган 65 жаранга жеке тараптардан жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле, тоо-кен компаниясы тарабынан 147 жардамга муктаж үй-бүлөлөргө ун таркатылып берилди.     

Мындан тышкары Таш-Көмүр шаарындагы ишкерлер тарабынан тарабынан 22 тонна ун, Ноокен районунун демөөрчүлөр тарабынан 94 жардамга муктаж үй-бүлөгө 114 600 сомдук азык-түлүк таратылган.

Баткен облусу: 

Облус боюнча 30 133 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 1381,5 тонна ун, 44218 кг макарон, 5879 л өсүмдүк майы, 29 957 кг күрүч, 22 412 кг кумшекер, 1493 кг эт, 5792 кг картошка берилди. 

Облуста  финансылык жардамдын жалпы суммасы 8 млн 270 миң сомду түздү.  

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6,5 тонна хлор, 93 577 даана беткап, 1885,5 л антисептик, 1967 даана коргоо костюмдары, 12 276 даана кол каптар берилди.

Ысык-Көл облусу: 

Облус боюнча 34 820 муктаж үй бүлөгө  жардам катары 694 тонна 350 кг  ун, 102 тонна 18 кг макарон,  87 миң 535 литр өсүмдүк майы, 33 тонна күрүч,  39т 810 кг кумшекер, 1692,5 кг эт, 14 т 513 кг картошка берилди. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  13000 кг, хлор 118239 даана беткап, 6989 литр антисептик, 4260 даана коргоо костюмдары, 211293 даана кол каптар берилди. 

Нарын облусу: 

Облус боюнча 26 984 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 839 тонна 200 кг ун, 48 тонна 944 кг макарон, 38 тонна 918 литр өсүмдүк майы, 22 тонна 952 кг күрүч, 33 тонна 580 кг кумшекер, 3 тонна 315 кг эт, 1 277,3 кг чай жана 283 миң 500 сом акчалай берилди. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7 тонна 868,5 кг хлор, 119 647 даана беткап, 3 куб 373,8 литр антисептик, 19 214 даана кол каптар берилди. 

Талас облусу: 

Облус боюнча 11809 муктаж үй-бүлөгө  жардам катары 618,25 тонна ун, 9849 кг макарон,  10 368 л өсүмдүк майы, 9 845 кг күрүч, 3224 кг кумшекер, 1 335 кг эт, 175 даана чай берилди. 

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 млн 436 миң 735 сомду түздү.  

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7,8 тонна хлор, 84 000 даана беткап, 1643 литр антисептик, 865 даана коргоо костюмдары, 5 322 даана кол каптар берилди.

Булак: NazarNews.org

Последние новости