www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ- Жалал-Абадда маркум кызматкерлер эскерилди

Бүгүн 15-май – Ички иштер органдарында кызмат өтөп жатып каза болгондорду эскерүү күнү. Буга байланыштуу эскерүү иш-чарасы Базар-Коргон РИИБде өткөрүлдү. Маркум милициянын капитаны Анвар Махмадалиевдин жана 2010-жылкы июнь окуясында каза болгон милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдордун эскерүү тактайчасына гүлчамбар коюлуп, куран түшүрүлдү. Маркум милициянын жубайларына көңүл айтылып, алардын орду эч качан унутулбай тургандыгы белгиленди.

 Эскерүү күнүнө карата “Шумкар” АБПнын Атайын операциялар отрядынын (ОСО) жетекчилиги Ооган согушунун ардагери, Баткен окуясынын катышуучусу, маркум, милициянын полковниги Байгазы Ниязалиевдин жубайынан кабар алышты. Алар офицердин жубайына көңүл айтышып, куран түшүрүп, кандай учур болбосун милиция тарабынан колдоо көрсөтүлө тургандыгын айтышты. Маркум полковниктин элеси түбөлүккө унутулбай, жаштарга анын эмгек жолу өрнөк болуп келе жатканын белгилешти.

Ал эми Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо учурунда куралдуу террорчулардын колунан 45 жашында каза болгон милициянын старшинасы Мамасадык Турсунбаевдин үй-бүлөсүнөн кабар алышып, материалдык жардам көрсөтүштү.

Ошондой эле Чаткал РИИБде кызмат өтөп жатып каза болгондорду бир минуталык эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

  

 врпвпарвчапрвапрвапрва

авыпвамыфвБулак: NazarNews.org

Последние новости