www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-майда фракция жыйынында өкмөт мүчөлөрүнө депутат Искендер Гаипкулов мамлекеттин карамагында эч кандай пайда алып келбей турган мүлктү сатып, андан түшкөн каражатты бюджетти толтурууга жумшоону сунуш кылды.

«Мисалы, Ысык-Көлдө «Аврора» пансионаты бар. Ал «Аврора грин» деген бир бөлүгүн 10 млн. сомго ижарага берген. Бул акча бюджетке эмес, «Аврорага» түшөт. «Аврора» аны айландырып, 100 млн. сом пайда табат да, болгону 5 млн. сом киреше көрсөтүп жатат. Анын ичинен 1 млн. сом гана казынага түшүп жатат. Бүгүн ал эсептелүү аткаминерлердин тууган-урук, жакындарынын пайдасына, ден соолугуна, чөнтөгүнө иштеп жатат. «Аврорада» жалаң ошо чоңдордун тууган-уруктары дарыланып, жашап жүрүшөт. Өздөрүнүн акчасына эмес, мамлекеттин акчасына».

Искендер Гаипкулов ага улай эле Бишкектеги «Кыял» базары, «Караван» соода борбору сыяктуу бюджетке кирешесинен чыгашасы көп ишкана-мекемелерди сатууну сунуш кылды. 

Белгилей кетсек, «Ата Мекен» фракциясы бүгүн, 15-майда өкмөттүн 2020-жылга мамлекеттик бюджетке өзгөртүү киргизүү жана келерки эки жылга мамлекеттик бюджетти божомолдоо тууралуу мыйзам долбоорун карады.

Булак: NazarNews.org

Последние новости