www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен АКШ президенти Джо Байдендин телефон аркылуу сүйлөшүүсү жыйынтыкталды. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.
Анда Кытайдын лидери, Украинадагы кырдаалдын негизги приоритеттери - сүйлөшүүлөрдү улантуу, курмандыктарды жана гуманитардык кризисти алдын алуу, ошондой эле ок атышууну эртерээк токтотуу экенин белгиледи. «Негизги приоритет - диалогду жана сүйлөшүүлөрдү улантуу, жарандардын өлүмүнө жол бербөө, гуманитардык кризисти болтурбоо жана ок атышууну эртерээк токтотуу», - деп билдирди РИА Новости Си Цзиньпиндин сөзүн.
Кытай лидери белгилегендей, келечекте ири державалар өз ара урмат-сыйга жетишүү, ошондой эле «кансыз согуштун» менталитетинен жана блоктордун тирешүүсүнөн баш тартуулары керек. Анын айтымында, дүйнөлүк коомчулукка глобалдык жана аймактык коопсуздуктун эффективдүү жана туруктуу системасы керек.
Эске салсак, Орусия Украинаны демилитаризациялоо боюнча аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Орусиянын президенти Владимир Путин белгилегендей, атайын операция «сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо» максатында өткөрүлгөн.
Булак: NazarNews.kg