www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Депутат Надира Нарматованын демилгесине 64 депутат "макул", бешөө "каршы" добуш берген.

Алгач мыйзам бузгандарды 5-10 жылга эркинен ажыратуу жазасы сунушталган, кийин 3-5 жылга кыскартуу менен киргизилген. Талкуу учурунда парламентарийлер кылмыш жоопкерчилигин такыр эле алып салды.

Эгер мыйзам кабыл алынса "чет өлкөнүн өкүлү функциясын аткарган бейөкмөт уюм" түшүнүгү киргизилет. Тагыраагы, сырттан каржыланып, саясий иштерге аралашып жүргөн коммерциялык эмес уюмдарды "чет элдик агент" деп аташат.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Садыр Жапаровго кат жиберип, бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам кирип жатканына тынчсыздануусун билдирген. Президент ага берген жообунда Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости