www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алды

Бүгүн, 6-апрелдеги, Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды.

Биринчи окууда: «Аскердик наамдарды, класстык чиндерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору.

Экинчи окууда: - «2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, 2011-жылдын 19- декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржы каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору;

- «2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирликтин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору;

- «2021-жылдын 8-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29- майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору;

- 2021-жылдын 5-августунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору;

- «Жол фонду жөнүндө» мыйзамдын долбоору;

- «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоор.

Үчүнчү окууда: - «2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Жашыл шаарлар 2, Терезе 2» алкактык программасынын «Бишкек автобустары» долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну («Жашыл шаарлар 2, Терезе 2» алкактык программасынын «Бишкек автобустары» долбоору) ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору;

- «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдын долбоору;

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзамдын долбоору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости