www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлорун шайлоо маселеси каралды.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордуна Алимжан Байгазаковдун талапкерлигин сунуштады.
Өз кезегинде Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобу Алмазбек Акматовдун, ал эми «Ишеним» депутаттык тобу Зарылбек Сатаевдин талапкерлигин сунуштаганын маалымдады.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Байгазаков Алимжан Топчубаевич, Сатаев Зарылбек Апасович, Акматов Алмазбек Шаршембиевич аудитор кызмат орундарына шайланышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.
Жыйынтыгында жаңы шайланган аудиторлор ант беришти.