www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында «2025-жылдын 14-октябрында Вашингтон шаарында (АКШ) кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 4 360 000 (төрт миллион үч жүз алтымыш миң) АКШ доллары суммасына каржылоо («Келечек үчүн билим берүү» долбоору үчүн кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2 000 000 (эки миллион) АКШ доллары суммасына гранттык техникалык жардам («Келечек үчүн билим берүү» долбоору үчүн кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоору менен агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов тааныштырды.
Анын айтымында, аталган долбоор Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү системасын ар тараптуу колдоого багытталып, мектепке чейинки курактагы балдарды билим менен камтууну көбөйтүүгө жана мектепке чейинки билим берүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк моделин пилоттоштурууга басым жасалат.
Долбоордун жалпы суммасы 6,36 млн АКШ доллары, анын ичинен 4,36 млн кредит, 2 млн грант. Төлөө мөөнөтү 50 жыл, 10 жылдык жеңилдетилген мезгил, пайыздык чен 0%.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар макулдашуунун алкагында калыбына келтирилип, жабдылуучу имараттарды тандоо критерийлери жана бала бакчалардагы топтордун санын көбөйтүү үчүн каралган 128 бөлмө боюнча суроолорду узатышты. Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова тандоонун болгону эки критерийи бар экенин белгилеп, тагыраагы бала бакчага болгон муктаждык жана ылайыктуу имараттын болушу зарыл экенин билдирди. Мындан сырткары бардык аймактар бирдей шартта караларын кошумчалады.
Жыйында ошондой эле «2025-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Өзгөчө кырдаал учурларында каржылоо (Атайын операциялар) (Кырсык учурларында жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)» компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууну, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Табигый кырсык болгон учурларга карата облигацияларды чыгаруу (Атайын операциялар) (Кырсык учурларында жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)» компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Өлкө менен кызматташуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин табигый кырсык учурларындагы тобокелдиктеринин бир бөлүгүн өткөрүп берүү боюнча транзакциялардын сериясынын түзүмү жана ишке ашыруу) жөнүндө катты ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Аталган макулдашуулардын алкагында Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасына өзгөчө кырдаалдар учурунда колдоо үчүн 28,2 млн АКШ доллары өлчөмүндө гранттык каражаттарды берет.