www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин иш тартиби тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, парламенттеги негизги документ жүгүртүү электрондук форматка өткөрүлүп, кагаз документтер айрым учурларда гана колдонулат.
Ошондой эле мазмуну окшош бир нече мыйзам долбоору болсо, аларды бириктирип кароо мүмкүнчүлүгү сунушталууда. Мындай чечимди парламент кабыл алат.
Демилгечилердин айтымында, өзгөртүүлөр кагаз чыгымдарын азайтып, документтерди кароону тездетүүгө жана алардын жоголуп кетүү же кайталануу тобокелдигин төмөндөтүүгө багытталган.