www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгында кадрдык өзгөрүү болду.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги болуп Талант Назарбеков дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койгон.
Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Тилек Кадыкеев жаңы жетекчини башкармалыктын жамаатына тааныштырып, кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, Талант Назарбеков буга чейин Шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары кызматын аркалап келген.
Ал эми аталган башкармалыкты буга чейин жетектеп келген Кашимбеков Эльдар Талайбекович өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.