www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин тарыхында биринчи жолу парламенттин ишин адамдар гана эмес, жасалма интеллект дагы чагылдырат. 

ЖИ-теле алып баруучулары «Мырза Мыйзам» жана «Айым Кеңеш кызы» депутаттардын иши жөнүндө айтып берип, күндүн жыйынтыгын чыгарып, коомчулукка жуманын окуялары тууралуу ыкчам, так жана ыңгайлуу санариптик форматта маалымат беришет. 

Жасалма интеллектти колдонуу убакытты жана каржылык ресурстарды үнөмдөөгө, адам факторун азайтууга жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле коомдун өз убагында ачык-айкын маалымат алуусуна шарт түзүп, парламенттин стратегиялык маанилүү чечимдерге көңүл буруусуна мүмкүндүк берет. 

Бул демилге Төрага Марлен Маматалиевдин парламенттин ишин санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. «Мырза» жана «Айым» – мыйзам чыгаруу органынын ишин өнүктүрүп, жарандар менен болгон байланышты жакшырта ала турган инновацияларды көрсөтүүчү алгачкы долбоорлордун бири.

Последние новости