www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүү үчүн Жогорку Кеңешке кат жолдогону 5-сентябрда маалым болду. Бул маселе боюнча президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, суроолорго жооп берген.

Жапаров Акаевдин экс-президент макамын кайтаруу аракети анын өз укугу деп эсептейт.

«Мен Аскар Акаевди «Кумтөр» боюнча суракка келгенде эки жолу көрдүм. Андан кийин Дубайда мурдагы президенттерди чогултканда үчүнчү жолу көрүштүм. Андан бери көрүшкөн да, сүйлөшкөн да жокмун. Бул маселе боюнча кеңешкен эмеспиз.

Негизи ар бир жаран өзүнүн укугун коргош үчүн же болбосо кандайдыр бир мыйзамдуу талаптарын калыбына келтириш үчүн мамлекеттик бийлик бутактарына кайрылууга толук укуктуу.

Аны бирөө жарым менен кеңешип олтуруштун же менин макулдугумду алыштын кереги жок. Өз укугунан пайдаланып арыз берди деп билдим», — дейт ал.

Президенттин айтымында, Акаевге «экс» макамын кайтарабы же жокпу, аны парламент өзү чечиши керк.

«Ал Жогорку Кеңештин өзүнүн иши. Экс макамын береби же жокпу ал Жогорку Кеңештин мыйзамдуу укугу.

Экс макамын алыш дагы, экс макамын бериш дагы Жогорку Кеңешке таандык. Мен көз карашымды айта албаймын.

Жогорку Кеңеш өзү билсин. Биз бирөө жарымды «бер же бербе» деп айтпайбыз. Мыйзамдуу жагын карап көрүшсүн. Мыйзамдарды көзөмөлдөш Жогорку Кеңештин милдети», — дейт Жапаров.

Жапаровго «Акаевге экс-президент макамы кайтарылса, анда Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев да «бизге да экс-президент макамын кайтаргыла» десе кандай болуп калат?» деген суроо да узатылды.

«Эми менин пикирим боюнча Бакиев менен Атамбаев экөөнүн жагдайы Акаевдикинен айырмаланып турат.

Акаев качканда адам өлүмү менен коштолгон эмес, кылмыш иши козголгон эмес, издөө жарыяланган эмес.

Албетте Аскар Акаевдин башкаруу мезгилинде чоң кемчиликтер кеткен. Катачылыктар болгон. Ошону менен биргеликте эле жаңы эгемендик алган мезгилдерде жетишкендиктери да болгон. Аны да айтып коюшубуз керек.

Ал эми Бакиев менен Атамбаевдин иштеринде адамдардын өлүмү менен коштолгон жагдайлар болуп кетти. Ошондуктан аларга парламент «экс» макамын берсе туура эмес болуп калат го деп ойлойм.

Албетте бул менин жеке пикирим. Алардын кылмыш иштери да бар да», — дейт президент.

Жапаровдун пикири боюнча, Аскар Акаев мамлекет тараптан күзөт, пенсия алуу жана башка артыкчылыктарга ээ болуу үчүн эмес, «экс» деген ат менен тарыхта калуу үчүн экс-президент макамын кайтарууну көздөп жатат.

«Менин оюмча Аскар Акаев тарыхта экс болуп атым калсын деген ой менен арыз берди окшойт.

Аскар Акаев 80 жашка чыкты. Өсөрү калган жок, өлөрү калды дейт эмеспи. Ал кишини пенсия, күзөт жана башкалар кызыктырбайт го деп ойлойм. Азыр деле күзөтсүз эле ээн эркин жүрбөйбү», — дейт ал.

Последние новости