www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште 40ка жакын кызматкер иштен кеткен

"75чилердин каты" деп аталган окуядан кийин Жогорку Кеңеште 40тан ашык кызматкер жумуштан кеткени белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Алмасбек Абытов 40 жакын кызматкер ар кандай жагдайда жумуштан кеткенин билдиргенин "Азаттык" жазды.

Анын айтымында, буга соңку саясий окуялардын тиешеси жок.

“Төраганын (Нурланбек Тургунбек уулу) өзүнүн жардамчылары, кеңешчилерин кошкондо алты-жети киши болуп калат. Ошентип баарын кошкондо отуздан ашык, кыркка жакын адам кетти. Бул кадимки эле көрүнүш. Ал эми "75чилердин каты" боюнча иликтөө иштерин тергөө органдары жүргүзөт. Ким алып келди, кимге келген, кимдин аракети кандай болгон дегендин баары тергөөдө аныкталат. Бизге ал маалыматтарды беришпейт”, - деди Абытов.

Последние новости