www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Жыйында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова баяндама жасады. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору атмосферага булгоочу заттардын чыгарылышын натыйжалуу жөнгө салуу, эскилиги жеткен технологияларды жана жабдууларды колдонууга тыюу салуу, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ишканалар менен уюмдарга катуу талаптарды коюу максатында иштелип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости