www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында, Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоо, эмгек мигранттарынын чет жерлердеги абалы, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү жагдай, ошондой эле депутаттар көтөргөн социалдык-экономикалык маселелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин маалыматы угулду.
Жыйында аталган маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат берди.
Ал өз сөзүндө Кыргызстандын жети миллионунчу жаранынын жарык дүйнөгө келишин сүйүнчүлөп, келечекте турак-жай маселесин чечүүнүн актуалдуулугун белгиледи. «Жети миллионунчу жараныбыз 18ге чыкканда 2040-жыл болот экен. Ошондо биздин Кыргызстан кандай өлкө болот? Биз балдарыбыздын келечегин ойлосок, бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырбашыбыз керек. Дүйнөлүк тартип өтө тездик менен өзгөрүп жатат. Азыр таасир этүү чөйрөсү, эл аралык нормалар түп-тамырынан кайра каралуу коркунучуу жаралууда. Глобалдуу дүйнөдө бардык жүрүп жаткан кырдаалдарга адекваттуу жооп кайтарып, чараларды көрүп турушубуз керек», - деди А.Жапаров.
Муну менен катар Министрлер кабинетинин төрагасы чек ара маселелерин чечүү зарылчылыгына токтолуп: «Жоопкерчиликти өзүбүзгө алып, чек ара маселелерине чекит коюшубуз керек», - деп кошумчалады.
Ошондой эле А.Жапаров Тажикстандын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берди.
«136 миңден ашык жараныбыз жер которууга мажбур болду. 63 жараныбыз ок атышуудан, 12 адам жол кырсыгынан каза болду, 206 адам жаракат алды. Материалдык жактан 661 турак үй жабыркаган, анын ичинен 423 үй талкаланып, 11 административдик стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоого тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа, 1 көпүрө жарабай калды. Жарандык коргонуу комиссиясынын берген аныктамасы боюнча 3 млрд 130 млн сомдук материалдык зыян келтирилген», - деди Акылбек Жапаров.
Жыйын суроо-жооп иретинде улантылууда.
Булак: NazarNews.kg