www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Ар кандай маселелер» саатында депутаттар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан бир катар маанилүү көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Депутат Нуржамал Торобекова «Бизнес-информатика» адистигин даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул багытты кадрларды даярдоодогу артыкчылыктуу тизмеге киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, аталган адистик банк, IT жана санариптештирүү тармактарында жогорку суроо-талапка ээ.
Депутат Гүлжан Сатиева этникалык кыргыздардын чет өлкөлөрдө, айрыкча Өзбекстан жана Тажикстанда административдик тоскоолдуктарга туш болуп жатканын айтып, бул маселени чечүү үчүн мамлекеттик органдарга тиешелүү механизмдерди иштеп чыгууну сунуштады.
Жылдыз Садырбаева жаш дарыгерлерге карата колдонулуп жаткан милдеттүү иштөө талабы боюнча чектөөлөрдү кайра кароону демилгелеп, айрым адистиктер боюнча кадр тартыштыгын эске алуу зарылдыгын белгиледи. Ал Саламаттык сактоо министрлигине адистиктердин тизмесин жыл сайын жаңыртып турууну сунуштады.
Гүлшаркан Култаева Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара тилкелерин тактоо жана алмашуу боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда жергиликтүү тургундардын кызыкчылыгын эске алууга чакырды.
Ал эми депутат Алишер Козуев Кара-Суу районундагы негизги көйгөйлөрдүн бири таза суу менен камсыздоо экенин белгиледи. Илимбек Кубанычбеков Кара-Суу районунда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруу иштерин баштоону жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөтүүнү сунуштады.
Чолпон Эсенаманова Панфилов районундагы мал базарынын көчүрүлүшү жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жаратып жатканын айтып, ички жолдорду оңдоо жана социалдык объектилердин абалын жакшыртуу маселелерин көтөрдү.
Мавлюда Калбердиева Сузак районундагы дотациялык Багыш айыл өкмөтүнүн өнүгүүсү үчүн таза суу жана бала бакча куруу зарылдыгын белгиледи.
Жылдыз Эгенбердиева Куршаб айыл өкмөтүндө социалдык объектилердин курулушу кечеңдеп жатканын айтып, тендердик процесстерди тездетүүгө жана спорт комплексин курууга чакырды.
Айгүл Ахмедова алдамчылык фактыларынын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирип, бул багытта укук коргоо органдарынын ишин күчөтүү зарылдыгын айтты.
Ал эми Айсаракан Абдибаева балдардын укуктарын коргоо маселесин көтөрүп, фостердик үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан балдардын коопсуздугу боюнча ишти объективдүү иликтөөнү тапшырды.
Жыйынтыгында депутаттар көтөргөн маселелер тиешелүү мамлекеттик органдарга кароо үчүн жөнөтүлөрү белгиленди.