www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 14-январдагы «Ар кандай маселелер» саатында аймактардагы орчундуу социалдык-инфраструктуралык маселелерди көтөрүштү. 
Алсак, депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакты сактоо жана өнүктүрүү маселесине көңүл буруп, аталган жай борбор калаанын «өпкөсү» жана өзгөчө корголуучу аймак экенин баса белгиледи. Буга байланыштуу ал Ботаникалык бактын аймагына футбол аянтчасын курууга жол берилбестигин айтып, спорттук курулуштарга башка аймактан жер кароого чакырды.

Депутат Советбек Рустамбек уулу Ноокат районундагы капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж мектептер тууралуу кеп кылды. Эл өкүлүнүн айтымында Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Тейит орто мектебин жана Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Тажибаев орто мектебин тез арада оңдоп-түзөөдөн өткөрүш керек. Ал эми Исанов айыл өкмөтүндөгү Жар-Коргон мектебине кошумча корпус жана Зулпуев айыл өкмөтүнө балдар бакчасын куруу зарылчылыгы бар.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков калың кар баскан Кара-Кулжа – Алайкуу жолун кеңейтип тазалоо керектигин айтып, Россия Федерациясында негизсиз реестрге кирип калган эмгек мигранттарынын маселесин чечүү зарылдыгын белгиледи.

Ал эми жазгы талаа иштери жакындап келе жатканын эске салган депутат Кундузбек Сулайманов Аксы районунун Кызыл-Жар айылындагы насостук станциянын түтүктөрүн тез арада бүткөрүү зарылдыгын белгиледи. Эл өкүлү мындан тышкары Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарларында Нарын суусуна түшкөн саркынды суулардын кесепетинен гепатит оорусу күч алганын айтып, бул маселе боюнча атайын изилдөө жүргүзүүнү сунуштады.