www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Аматов кезектеги жыйында балдардын интернетти жана онлайн-оюндарды колдонуусуна чектөө киргизүү маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, мектеп окуучулары топ-тобу менен Roblox жана Minecraft сыяктуу оюндарды түз эле мектептерде ойноп жатышат.
“Бул оюндарда ар кандай адамдар бар. Балдар алар менен комментарийлер аркылуу кат алышат. Алардын арасында ою жаман адамдар, анын ичинде педофилдер да болушу мүмкүн. Ошондой эле балдар ата-энелеринин банктык карталарынан акча которгон учурлар да катталган”,-деди депутат.