www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева УКМКдагы кадрдык өзгөрүүлөр жана тазалоо иштерине байланыштуу суроо узатты.

Депутат акыркы мезгилдеги өзгөрүүлөрдү эске салып, УКМК “чын кесипкөй кызматкерлерден тышкары адамдардан арылып жатабы” деген маселе боюнча тактоо сурады.

Ал ошондой эле айрым кызматкерлер тарабынан ишкерлерге басым көрсөтүү, коррупциялык көрүнүштөр боюнча аймактардан жүздөгөн кайрылуулар түшүп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде УКМК төрагасынын орун басары жооп берип, президенттин тапшырмасынын негизинде комитетте системалуу жана структуралык өзгөрүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, учурда УКМК ичинде тартип бузган кызматкерлерге карата чаралар көрүлүүдө: 96 кызматкер кызматтан четтетилип, 24 кызматкерге карата кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле УКМК тарабынан дагы бир катар материалдар боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы, бардык кайрылуулар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилери айтылды.

Жыйын учурунда депутаттарга жарандардан түшкөн кайрылуулар көбөйгөнү да белгиленди.

УКМК өкүлү башкы прокуратура тарабынан да 386 арыз боюнча текшерүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Последние новости