www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси жана орун басарлары алмашты. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Кутман Турсункулов аппарат жетекчиси, ал эми Мария Исанова анын биринчи орун басары, Нарынбек Кубатбек уулу орун басары болуп бекитилди.
34 жаштагы Турсункулов буга чейин Жогорку Кеңештин аппаратында бөлүм башчы болуп иштеген.
Жогорку Кеңештин аппаратынын мурдагы жетекчиси Алайбек Алымбаев төраганын кеңешчиси болуп дайындалды.
Ал эми мурдагы жетекчи орун басарлары Элмира Эшенкулова Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин бөлүм башчысы, Искендер Сулайманов Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин бөлүм башчысы кызматын аркалайт.
Булак: NazarNews