www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-февралда Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү мекеменин учурдагы абалы жана ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, бейтаптар менен медицина кызматкерлеринин негизги муктаждыктарын угушту.

Институттун директору Данияр Каскеевдин айтымында, аталган жай 1984-жылы курулуп, андан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Ошого карабастан, жыл сайын өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 13 миңге жакын бейтапка кызмат көрсөтүп келет.

Депутат Гүлнара Баатырова институттун социалдык мааниси чоң экенин белгилеп, бейтаптар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү шарттарды түзүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле баатыр энелерди акысыз дарылоо маселесине көңүл буруп, мекемени тез жардам унаалары менен камсыздоо керектигин кошумчалады.

Депутат Гулкан Молдобекова тамак-ашка бөлүнгөн каражаттын көлөмүн жогорулатуу жана медицина кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү.

Ал эми депутат Токтобүбү Ашымбаева институт өлкөнүн курортология жана реабилитация багытындагы алдыңкы илимий-медициналык борборлорунун бири экенин белгилеп, бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн дарылоонун сапатын жакшыртуу зарылдыгын айтты.

Комитет мүчөлөрү мекемени заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо, капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, кадр маселесин чечүү жана кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү сунушташты.

Последние новости