www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы Мейкинбек Абдалиевге депутаттык мандат тапшырды. Бул тууралуу чечим бүгүн, 14-мартта, БШКнын жыйынында кабыл алынды.
Ал "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат болот. Абдалиев Равшанбек Сабировдун ордуна депутат болду.
Мейкинбек Абдалиев 1976-жылдын 11-февралы күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында туулган.
Ал 2021-жылдын 31-мартында "ϴнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Белгилей кетсек, 11-мартта Равшанбек Сабиров президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалган.
Булак: NazarNews.kg