www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 29-мартта саат 10:00дө Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму өтөт.

Күн тартиби:

1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы «Суу коопсуздугу жана суунун сапаты боюнча» долбоорлорду даярдоого грант жөнүндө макулдашуу каттын долбоору. Макулдашууга киргизилет.

Баяндамачы: Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович — айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри.

 2. Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору жана Кыргыз РеспубликасымененЕвропа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо» долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

Баяндамачы: Кармышаков Улукбек Тойчиевич – вице-премьер-министр, экономика жана финансы министри.

3. Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

Баяндамачы: Абдралиева Гүлмира Курманбековна – транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри.

4. Ар кандай маселелер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости