www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин чукул жыйыны кийинкиге калтырылды. Себеби

Кворум чогулбай калганына байланыштуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтпөй калды.

Бүгүн ЖККУнун алкагында Казакстанга Кыргызстандан тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү маселеси каралмак. Бирок саат 14:00гө белгиленген жыйын 15:00гө чейин башталган жок. Бул аралыкта 39 депутат гана келгени маалым болду. Мындан улам төрага Талант Мамытов жыйын эртең саат 14:00дө боло турганын айтты.

“Кесиптештерибиздин баары жаңы жылдан кийинки эс алууга кеткен. Ошого байланыштуу учурда региондордо жүрүшөт экен. Бүгүн ишибизди баштоо үчүн кеминде 46 депутат катышыш керек эле. Ошондуктан кезексиз жыйынды эртеңкиге калтырабыз”, — деди Мамытов.

Белгилей кетсек, ЖККУнун алкагында тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү маселеси Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен гана чечилет.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев эгер кыргызстандык аскерлер Казакстанга жөнөтүлө турган болсо, акцияларга аралашпай тынчтыкты орнотуу иштерин гана жүргүзөрүн билдирген.

6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмдун жетекчилиги тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктура жана башка объектилерди кайтаруу үчүн барат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости