www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Идрис Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы элчиси кылып дайындады. Тиешелүү жарлыкка президент бүгүн кол койгон.

Кызыгы, 24-январда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кадыркуловдун талапкерлигин элчилик кызматка колдобой койгон. Бул көрүнүшкө, Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Балбак Түлөбаев жана Нурлан Шакиев сын айтты. 

«Урматтуу президенттин өкүлү, эгерде силер ушуну билсеңер, азыркыдай жообуңар даяр болсо, парламентке биздин комитетке элчинин талапкерлигин сунуш кылып алып келбегиле. Бул силердин катаңар! Силер ушундай иш аракетиңер менен парламент менен президентти ыңгайсыз абалга коюп жатасыңар. Мындан кийин бир дагы элчини алып келбегиле, эгерде дагы ушундай окуя болсо эмне болот анда? 

Урматтуу төрага, бул жерде парламенттин аброю жөнүндө сөз болуп жатат, коомчулук түшүнбөй жатат, парламент бирди президент бирди айтып жатат. 
Демек, бул парламенттин чимкирик парламенттен айырмасы жок экен, президент парламентти укпайт экен, деген талкуу болуп, парламент жөнүндө сөз болуп жатат. Бул жерде ТИМдин дагы жоопкерчилигин караш керек. Мындан кийин мындай окуя кайталанбасын!», - деди депутат Нурлан Шакиев. 

Ага жооп катары кой оозунан чөп албаган жоош, төрага Талант Мамытов, «бардык маселелер мыйзамдын негизинде иш алып жатабыз», - деди.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп дайындалган кудуреттүү Идрис Кадыркуловго үч депутат макул, төртөө каршы добушун берип өтпөй калган эле. Мамлекет башчынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстанга берген жообунда президент Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле элчилерди дайындоого укуктуу экенин айткан. 

Ага ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна шилтеме келтирилет. Анда президент чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындап, аларды кайра чакыртып алары жазылган. «Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ. Баш мыйзамда президентке элчини дайындоодо Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынбайт», — деген түшүндүрмө айтылган.
Ал эми «КР дипломатиялык кызматтар жөнүндө» мыйзамында жазылган элчилердин талапкерлигин ЖКнын тармактык комитети менен макулдашуу нормасы жаңы кабыл алынган Конституцияга дал келбей турганын билдирди.

Ошентип, Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрүнө президент «беш колун» көрсөтүп Идрис Кадыркуловдун кадырын көтөрүп, элчилик кызматка дайындап койду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости