www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №5 “Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомун түзүүнүн негизги максаты эл аралык тажрыйбаны пайдалануу менен жер казынасын пайдалануу жана ага байланыштуу экономикалык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды максималдуу топтоштурууга жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун түзүүчүсү катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгууда.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 млн сом өлчөмүндө белгиленген.

2022-жылы «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ААКтын уставдык капиталынын өлчөмү 1 млрд сомго чейин жеткирилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости