www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы, агроном менен маек.

- Дыйкандар менен фермерлерди жер салыгынан бошотуу боюнча президенттин жарлыгы чыкты. Бу канчалык жеңилдик берет?

- Президенттин указы чыгып кетти, эми өкмөт аны аткарууга гана милдеттүү болуп калды. Бирок, негизи бул маселе дыйканга эч кандай деле жеңилдик бере албайт. Мисалы, продукция өндүрүп жаткан 1 гектар жерден дыйкан 200 миң сомдон жогору киреше табат. Ошонун ичинде жердин салыгы анчейин көп сумманы түзбөйт. Чүй облусунда 417 сом, Ысык-Көл, Нарында 250 сомдун тегерегинде.

Ушундай сумма төлөп жүргөн дыйкандарга жаңы эреже жеңилдик береби? Мамлекеттик бюджеттен деле буга чоң сумма керектелбейт. Бул тармак толугу менен өзгөртүүгө муктаж, 95- жылдары реформа жүргөн, кийин 98-жылдары салык боюнча өзгөрүү болгон.

Ошол учурдагы кабыл алынган мыйзамдан кийин жер жеке менчикке өтүп, жер товар катары эсептелип, сатуу, сатып алуу маселеси келип чыккан. Башка маселе, көп жерлерди иштетип жүргөндөрдүн кээ бирөөсүндө 20 гектар, айрымдарында 100 гектар жери бар.

Алар өздөрү иштетпей, башкаларга ижарага берип койгон. Бул жарлык ушундай адамдардын пайдасына тийди. 100 гектар жерди арендага берген киши өкмөткө 40 миң сом салык төлөөдөн кутулду. Мунун ар бир гектарын 10-15 миң сомго ижарага берет. Жашылча-жемиш эккендер 30-35 миңге чейинки суммага алышат, бирок салык жеңилдигинин таасирин сезбейт.

- Демек, бул дыйкандарга сезилээрлик жеңилдик алып келбесе, азык-түлүк коопсуздугуна деле анчейин таасири жокпу?

- Албетте, тийешеси жок. Азык-түлүк коопсуздугун чечиш үчүн биринчи кезекте ар бир айыл өкмөттө агроном адистери болгону туура. Эң төмөндөн баштап, дыйкандардын баардыгын туура продукция өндүргөнгө үйрөтүшүбүз керек.

Кыргызстан боор оорусу, бөйрөк, ашказан, рак илдети жана балдардын тубаса оорукчан болуп төрөлүшү жагынан алдыга чыктык. Себеби, биз жеп жаткан тамакаштын баардыгы таза эмес, туура эмес өндүрүлүп жатат. Нитратты көп өлчөмдө колдонушат, чен, өлчөмүн билишпейт.

Мындан тышкары, ар кандай курт-кумурскага каршы химиялык заттарды чачышат. Дары чачкандан кийин өсүмдүктү бир айга чейин жегенге болбойт. Дыйкандар болсо бүгүн дары чачып, эртең базарда сатышууда. Эмне себептен “экологиялык таза азык” деп какшап жатабыз? Буга жетиш үчүн алгач дыйкандан баштоо зарыл.

- Химиялык заттарды аз өлчөмдө колдонуш керекпи же таптакыр жолотпогон туурабы?

- Жер семирткич катары колдонуп келген селитраны аябай аз пайдалануу керек. Биз 200 кг тегерегинде деп сунуш беребиз. Буга кошумча фосфор, калий деген жер семирткичтер болот. Макро, микроэлементтерди айталы. Мунун баардыгын ароном топурактын анализин көрүп, ошого жараша көлөмүн сунуштайт.

Химиялык заттарды саткандар (бизнесмендер) товарга канчалык суроо талап жогору болсо, ошончо өлчөмдө сата беришет. Сиздин, менин жана элдин ден соолугунун аларга кереги жок. Аларга бизнес керек. Андан көрө ошол каражатты кесипкөй агрономдорго төлөп, дыйкандардын билимин жогорулатканга жумшасак, алда канча натыйжа бермек.

- Ушул тармакка 6% үстөгү менен насыя берилери жана бу саам бийлиги барлардын жакындарына эмес, карапайым дыйкандар алары айтылды...

- Бизде жалпы дыйкандардын ичинен болжолу менен 10 пайызга жетпегени эле насыя алышат. «Берилет» деген 6 миллиарддын тегерегиндеги акча эң эле аз көлөмдөгү сумма. Айыл чарба тармагынын 1-2 эле пайызын түзөт. Негизинен бул тармакты өнүктүрүш үчүн башкача система талап кылынат.

Баардык техникалар эскирген, ошолорду жаңыртыш үчүн ири көлөмдөгү акча керек. Чоң сумманы алып дыйкан иштете албайт, муну иштеткенге таптакыр башка стратегия зарыл. Айыл чарбасын алдыга жылдырууда жаңы, элде жок план иштеп чыгуу кажет эмес. Баардыгы даяр, эбак эле жазылып, практика жүзүндө натыйжасын көрсөткөн системалар бар. Ошону жаңылап, биздин жаратылышка, дыйкан, фермерлердин мүмкүнчүлүктөрүнө, рынокко ылайыкташтырып, оңдоп-түзөө киргизип колдонсок, жемишин бермек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости