www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыноо-кыйноо

Айтматовдун каармандары бүгүнкү күндө

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында баланын образдары экрандашууда ынанымдуу жана жеткиликтүү чагылдырылган. Жигиттин кара торусу, кыздардын жүрөк оорусу болгон Султанмурат ошондо миңдеген кыздардын кумирине айланса керек. Кино жаатында 27 тасмада роль жараткан бул инсан тууралуу макала жазууда көпкө убараландым.

“Эрте келген турналар” тасмасын кошо жашап көрчүмүн, мына ошол башкы каарманды аткарган актёр ким болду экен деген бала кездеги мендеги ой, бүгүнкү күнгө чейин чогуу болуп келди. Эмил мырзаны көрүү бактысы, баарлашып жакындан таануу убактысы журналисттик жолумда насип эткенине териме батпай кубанып турам.

- Актёрдук кесип сизди тандагандай сезилет…

- Балким. Негизи бул актёрдук чеберчиликти - тагдырдын эң чоң мага тартуулаган белеги. Себеби ошончо жаш канаттардын арасынан Б. Шамшиевдин «Эрте келген турналар» тасмасындагы Султанмураттын ролу мага буюрулганын тагдырдын бир белгиси деп кабылдайм.

- Мыкты устаттан «антип калды, минтип калды» деген шылтоо такыр укпайсың. Сиз тарбиялаган студенттериңиз туурасында айта кетсеңиз…

- Андай шылтоону өз кесибин сүйбөгөн гана инсандан укса болот чыгаар. Б. Бейшеналиева атындагы искусство университетинин кино кафедрасында окутуучу болуп ушул убакка чейин эмгектенип келем. Студенттерим жөнүндө айта кетсем, мен алардын туура багытта болгонуна болгон күчүмдү жумшап келем. Ал эми канчалык туура багыт көрсөткөнүмдү жашоо баалайт.

- Кайсы залкарлар менен бир экранда тартылып калдыңыз?

- Кыргыз киносунда залкар инсандар арбын. Мен чоң сыймыктануу менен айта алам С.Күмүшалиева, С. Жумадылов, С. Чокморов, Б. Кыдыкеева, О. Кутманалиев жана башка улуу инсандар менен бирдикте кино дүйнөсүндө жашадым. Ошондой таланттуу инсандар мени курчап тургандыгы үчүн менин кино дүйнөсүндөгү каталарым билинбей калды. Себеби кино тармагында жаңылып калуу өтө оңой, ал эми катаны оңдоп кетүү өтө оор. Азыркы учурдагы Эмил Борончиевде ушул улуу инсандардын ар биринин салымы зор. Жакшы жагымды көрсөңөр залкар инсандардын эмгеги деп билсеңер болот.

- Айтматовдун орду сиз үчүн…?

- Айтматовдун орду менин жашоомдо өтө чоң. Мен бактылуумун, себеби тагдырымдын башаты ушундай улуу инсан менен байланыш болгонуна. Андан калса улуу, касиеттүү, көрөгөч, залкар инсандын жанында жандап басып, маектешип, андан бир таасирдүү нерселерди алгандын өзү эле канчалык деңгээлдеги бакыт экенин сөз менен жеткирүүгө такыр мүмкүн эмес. Андай баалуулукту жанында жандап гана сезүү мүмкүн. 

- Кыргыз киносун келечегин кандай элестетесиз?

- Кыргыз киносунун тарыхы чоң. Биздин кинорежиссёр раматылык Төлөмүш Океев, Мелис Убукеев, Дооронбек Садырбаев жана арабызда жүргөн кинорежиссёрлор Болот Шамшиев, Геннадий Базаровдор шедеврга айланган кыргыз кинолорун тартышып, союз боюнча “кыргыз керемети” аталышта дүңгүрөтүштү. Союз доорунда “Эрте келген турналар” (1979); “Толкундар жээкте өлүшөт” (1985); “Көзгө атар” (1985); “Дилетант” (1987); “Элеттик күйөөбала” (1987) тасмаларда аткаргам...

Тирүүлүк улана берет демекчи, эгемен жылдан соң, кыргыз киносу кайрадан жанданды десем жаңылышпайм.  2012-13 жылдары жылына 60ка жеткен тасмалар тартылды. “Мурас сыры” жана “Аманат” тасмаларында роль жараттым. Көп режиссёрлор чыныгы профессионал эмес, бирок бара-бара сапаттан санга өтөөрүнө ишеним зор. Киномандар өз табитине жараша электен өткөн ун сымал кинону өздөрү тандап алышат дагы арасында күчтүүлөрү жашап кетет. Акыркы жылдары кыргыз киносу өнүгүү жолунда экени кубандырбай койбойт.

- Жашоо токтогондо максат да токтойт эмеспи, алдыга койгон максаттарыңызды бөлүшө кетсеңиз?

- Албетте, алдыга койгон максаттарым бар, арбын десем жаңылышпайм. Максаттарымдын бирден–бири менин шакирттерим кыргыз киносун даңазалоо деңгээлге жеткирсе. Ал эми мен кино жаатында өз салымымды кошуп уланта бермекчимин.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости