www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансы министри Алмаз Бакетаев "Кумтөр голд компани" ААК канча алын өндүрүп, канчасын сатканын билбейт. Бул тууралуу бүгун, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында белгилүү болду.

Жыйын учурунда депутат Осмон Турдумамбетов Кыргыз-стан өзү алтын кенди иштетип, алтын өндүрүп жатканын эскертти.

"Канча алдын өндүрдүк? Канча салык түштү? Канча алтын сатылды? Сатылбаса кайсы жакта сактап жатабыз? Коомчулукту эң кызыктарган суроолор ушулар. Кыскача жооп берип коюңузчу?", - деп суроо узатты.

Бакетаев салыктар толук төлөнүп жаткандыгын белгиледи.

"Алтындын көлөмү, жана канчасы сатылганы боюнча азыр менин маалыматым жок. Бул "Кыргызалтынга" тиешелүү маселе. Мен кат жүзүндө толук маалыматты берем", - жеп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости