www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери, учурда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу бүгүн, 16-июлда карап чыгат. Отурум кечки саат төрткө белгиленгенин партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова маалымат булактарына билдирди.

Өмүрбек Текебаевдин жана аны менен кошо соттолгон мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароону юристтер буга чейин да өтүнүп, бирок мурдагы сот өкүмдөрдү өзгөртүүсүз калтырылган.

Ага чейин, 2018-жылы да юристтер ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберишип, Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

Текебаев саламаттыгына байланыштуу 31-майда №47 колониядан ооруканага которулган.

Эки саясатчы 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең муну саясий куугунтук деп баалашкан. Тарапташтары Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар бар экенин билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости